Европада 2020-жылдын жаз айына пландаштырылган дээрлик бардык негизги мөмө-жемиш жана жашылча иш-чаралары Ковид-19 коронавирусунун жайылышынан улам токтотулган же кийинкиге калтырылган.
EastFruit порталынын маалыматына караганда, Fruitnet тарабынан Голландиянын Роттердам шаарында өткөргөн Глобалдык Берри Конгрессинин датасы марттын аягынан июнь айынын аягына жылдырылды. Бирок бул иш-чараны жаңы даталарда өткөрүүгө кепилдик берүү дагы эле кыйын.
Бир аз мурда Италиянын Римини шаарында өткөн Macfruit көргөзмөсү сентябрдын башына жылдырылды. Грек Фрескон көргөзмөсү жокко чыгарылды. Уюштуруучулар келерки жылы болоорун айтышты. Германияда жана башка өлкөлөрдө бир катар иш-чаралар токтотулду.
EastFruit ошондой эле өлкөдө вирустун учуру каттала электигине карабастан, Тажикстандагы эки жашылча-жемиш конференциясын токтотууга аргасыз болду. Украинада жарыяланган карантинди эске алуу менен бул өлкөдө жакынкы апталарда жашылча-жемиш иш-чаралары өткөрүлбөйт.
Жайга карата абал жакшырса, күзүндө жашылча-жемиш, мөмө, жаңгак ж.б. базарларга арналган иш-чаралардын календары болот. өтө каныккан болушу мүмкүн.