Суэц каналын бойлой жол кыймылы эки кемеге туш болгон көйгөйлөрдөн улам кыйын болду, деп билдирет Marine Traffic порталы.
Rumford мунай ташуучу кемеси техникалык көйгөйлөрдү биринчилерден болуп билдирди. Көп өтпөй унаа кыймылын улантты, бирок окуя дагы эле дүйнөнүн негизги транспорттук суу жолдорунун биринде кечигүүгө алып келди.
"Экинчи кеме, Minerva Nike дагы Суэц каналында токтоп, жол кыймылынын кечигүүсүн жаратты окшойт", - деп билдирди портал Твиттерде.
Азыр кеме жүрүп жатат, Суэц каналы боюнча кыймыл жакынкы арада калыбына келтирилет, деп билдирди РИА Новости өз булагына таянуу менен.
Мындан туура эки жума мурун, 23-мартта Ever Given контейнердик кемеси Суэц каналында тыгылып калган. Кеме жээкке чыгып, жол кыймылын жаап салган. Бул чоң тыгынды жаратты. Контейнердик кеме 29-мартта кайра сууга чыгарылып, ошол эле күнү кечинде каналдагы навигация кайра жанданды. Ever Given тарабынан тыгылып калган 422 кеменин тыгыны 3-апрелде гана толугу менен тазаланды. Суэц каналынын администрациясы контейнердик кеменин кырсыгынан келтирилген зыян миллиард долларга жетиши мүмкүн экенин билдирди.