Октябрдын башында Москвада Россиядагы айыл чарба техникаларынын жана жабдууларынын эң ири адистештирилген көргөзмөсү AGROSAON өтөт.
AGROSALON эки жыл сайын башка ири эл аралык көргөзмөлөр менен бирге өтөт, мисалы Ганновердеги Agritechnika жана Париждеги Сима. Бул практика кокусунан эмес, анын үстүнө жабдууларды өндүрүүчүлөр көргөзмөнүн ачылышы менен жаңы продукциянын чыгышына дал келүүгө аракет кылышат.
Рационализатордук машиналар, жогорку эффективдуу жабдуулар жана миндеген запастык белуктер — бул экспонаттардын эц кыска тизмеси. Футуристтик "келечектин машиналары" арасында учкучсуз айыл чарба техникасы өзгөчө орунду ээлейт.
Экспозициялык бөлүктөн тышкары, AGROSALON ондогон семинарларды, мастер-класстарды жана конференцияларды камтыган кеңири бизнес программасын даярдап жатат.
Тематикалык иш-чараларда каалоочулар актуалдуу темаларды талкуулашат: мамлекеттик колдоо чаралары, импортту алмаштыруу, компоненттерди өндүрүүнү өнүктүрүү, кадрларды даярдоонун төмөн стандарттары ж.б. диалогдо.
AGROSALON көргөзмөсүнүн негизги иш-чараларынын бири салттуу түрдө инновациялык жабдуулардын престиждүү көз карандысыз сынагы болот. Тармактын алдыңкы адистеринен турган жюри айыл чарба техникасынын эң эффективдүү жана алдыңкы үлгүлөрүн алтын жана күмүш медалдар менен сыйлайт.
Форумдун жүрүшүндө өзү жүрүүчү айыл чарба техникасынын, анын ичинде пилотсуз унаалардын сыноо-драйвдары уюштурулат.
Көргөзмөнүн акыркы күнүндө Россиянын алдыңкы айыл чарба университеттеринин студенттери айыл чарба техникасынын дүйнөсүнө кошулуу үчүн келишет. Жаш адистер Жаштар күнүнүн алкагында өздөрүнүн билим деңгээлин жогорулатып, катышуучу компаниялардын арасынан келечектеги иш берүүчүлөрдү таба алышат.
Дыйкандарга жардам
АГРОСАЛОН техниканы жаратуучулар менен фермерлердин ортосунда керектүү ортомчу болуп иштейт. Колдоо зарылдыгын түшүнүү менен, AGROSALON көргөзмөгө топтук баруу программасын ишке киргизди. Анын аркасында дыйкандар үчүн бекер автобустар бөлүнүп, алар менен көргөзмөгө жана кайра барууга мүмкүнчүлүк түзүлөт.
АГРОСАЛОНдо ар бир делегацияны гид тосуп алат, ал фермерлерге стенддерди кеңири тааныштырып, сунушталган техникалар тууралуу айтып берет. Меймандар ошондой эле заводдордун екулдерунен кененирээк маалымат алышат, техникалык адистер менен консультация алышат, бизнес-чараларга катышуучулар болушат.
Сапардын соңунда делегациялардын катышуучуларына маалыматтык материалдар, анын ичинде көргөзмөнүн расмий каталогу тартууланат.
Программаны колдонуу үчүн көргөзмө жетекчилигине +7 (495) 781 37 27 телефону боюнча чалышыңыз же 7813727@agrosalon.ru электрондук дарегине кат жазышыңыз керек.
Көргөзмөнүн басма сөз кызматы AGROSALON