Быйыл украиндер эрте картошканы кебуреек айдашат. Себеби, акыркы убакта анын баасы кыйла жогорулады. Бул тууралуу Agrico Ukraine компаниясынын директору Николай Гордийчук AgroPortal.ua сайтына комментарий берип жатып билдирди.
Ошондой эле, анын айтымында, Украинада картошканы чипсы кылып кайра иштетүү көлөмү көбөйгөндүктөн, быйылкы сезондо кайра иштетиле турган сортторду көбүрөөк сатып алышат.
«Үрөнчүлөр эгин аянтын кеңейтеби, азырынча айтуу кыйын. Бул импорттук сезондон кийин белгилүү болот: март-апрель. Ошондо биз былтыркы сезонго салыштырмалуу эрте сорттор канчага көп алынып келингенин жана кайра иштетүүгө алганын эсептей алабыз, анткени алар бизге негизинен Германиядан жана Голландиядан алынып келинет», - дейт ал.
Гордийчук ошондой эле картошкага баа саясаты боюнча прогноз жасады. Анын пикиринде, отургузуу материалы 30-40% кымбатташы мүмкүн. Азыр үрөндүк картошканын баасы 12-20 грн/кг.
«Баасы үрөн материалынын сортуна, репродукциясына жана сапатына жараша болот. Биз өндүрүүчүлөр катары аны үрөн өндүрүүчүлөрдүн реестринде турган жана сертификатталган үрөндөрдү саткан чарбалардан гана сатып алууну сунуштайбыз», - деди ал.
Анын пикиринде, ашкана картошкасынын баасы аба ырайына жана климаттын кандай өзгөрүшүнө жараша болот.
«Эгерде биз башынан өткөрүп жаткан кургакчылык жана нымдуулуктун жетишсиздиги болсо, бул түшүмдүүлүккө жана ошого жараша баага таасирин тийгизиши мүмкүн. Түшүмдүн наркына мурунку сезондун калдыктары да таасирин тийгизет», - дейт эксперт.
Ал белгилегендей, быйылкы сезондо картошканын бул түрүнүн баасы бир топ жогору болгон.
«Бирок эрте картошканын баасы канча болорун айтууга али эрте», - деп кошумчалады Гордийчук.