Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинин агрардык изилдөөлөр борборунун директору Фирдовси Фикретзаде билдирди.
Ал дүйнөлүк рынокто пахта жана фундукка болгон суроо-талап азайганын баса белгиледи: «Бирок биздин өлкөдөн жашылча-жемиштерди экспорттоодо азайган жок. Ошол эле учурда Азербайжан Россиянын жана КМШнын рынокторуна рекорддук 81 миң тонна жаш картошка экспорттогон».
Үстүбүздөгү жылдын алты айында Азербайжандан жашылча-жемиш экспорту өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 0,7 пайызга өсүп, 327 миң 236,92 тоннаны түздү.