Жыл сайын «Алтын күз» көрүүчүлөрдү өлкөнүн агроөнөр жай комплексинин негизги тенденциялары жана жетишкендиктери менен тааныштырат. Иш-чара салттуу түрдө быйыл 10-октябрга туура келген Айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай кызматкерлеринин күнүн белгилөөгө арналат.
Патриот конгресс-көргөзмө борборунун аймагында 23-россиялык агроөнөр жайлык “Алтын күз – 2021” көргөзмөсү ишин баштады. Алтын күз 2021 көргөзмөсүнө 100дөн ашык экспоненттер катышууда. Айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматы белгилегендей, бул жылы көргөзмөгө барууга агроөнөр жай комплекси рыногунда алдын ала аккредитациядан өткөн профессионалдар гана жеткиликтүү.
Көргөзмө айыл чарба өндүрүшүнүн акыркы технологияларын, керектүү тармактык маалыматтарды алуу жана талдоо жана бизнес процесстерин автоматташтыруу үчүн инновациялык санариптик чечимдерди кеңири тартуулайт. «Жабдуулар» деген бөлүмдө тракторлордун, жүктөгүчтөрдүн жана россиялык өндүрүштөгү башка машиналардын заманбап үлгүлөрү көрсөтүлгөн. «Билим» зонасында айыл чарба университеттери айыл чарба өсүмдүктөрүн тандоо, кайра иштетүү технологиясы жана айыл чарба продуктыларын өндүрүү боюнча жүргүзгөн иштеринин жыйынтыгын көрсөтүп жатышат. «Мал чарбасы жана ветеринария» секциясында малдын ар турдуу породаларын мал чарбачылыгында асылдандырууну енуктуруу программалары берилген.
Көргөзмө бизнестин кеңири программасын камтыйт. Фермерлер россиялык рыноктун айыл чарба продукциясын жана органикалык продукцияны өндүрүү келечегин, агроөнөр жай комплексин санариптештирүү жана чакан ишканаларды өнүктүрүүдөгү мамлекеттик саясаттын тенденцияларын талкуулоону пландаштырууда.
Көргөзмөнүн расмий ачылыш аземи Россия Федерациясынын Премьер-министринин орун басары Виктория Абрамченко менен Россиянын айыл чарба министри Дмитрий Патрушевдин катышуусунда өттү.