Казакстан Республикасынын тышкы соода саясаты жана эл аралык экономикалык уюмдарга катышуу боюнча ведомстволор аралык комиссиясы 3 айлык мөөнөткө өлкөдөн картошка менен сабизди экспорттоого толук тыюу салууну киргизүүнү жактыруу чечимин кабыл алды.
Быйылкы жылы чогултулган картошка жана сабиз ички керектөө жана экспорттук потенциалды сактоо үчүн жетиштүү. Коңшу өлкөлөрдө салыштырмалуу төмөн түшүм байкалууда, бул суроо-талаптын өсүшүнө жана ички рынокто баага кошумча басым жасоого алып келет. Картошка менен сабизди Казакстан Республикасынын аймагынан алып чыгууга тыюуну бекитүү чечими ички рынокто тартыштыкты жоюу жана бааны турукташтыруу максатында кабыл алынган.
Чектөөлөр декабрдын аягында күчүнө кирет. Өлкөнүн Айыл чарба министрлиги бир айдын ичинде базарга күн сайын мониторинг жүргүзүп, анализ жүргүзөт. Кырдаал турукташкандан кийин чектөө чараларын алып салуу маселеси каралат.