Токио университети тамак-аш калдыктарын цементке айландыра турган технологияны иштеп чыкканын Tech Xplore билдирди.
Жегенге жарамдуу курулуш материалдарын Токио университетинин окумуштуулары көрсөтүштү. Алар тамак-аш калдыктарын «цементке» айландыруу-га мумкундук беруучу технологияны иштеп чыгышкан. Изилдөөчүлөрдүн айтымында, материалдын ийкемдүүлүгү кадимки цементтен төрт эсе жогору.
Мындай ойлоп табуу тамак-аш калдыктары менен байланышкан полигондордон метандын бөлүнүп чыгышын азайтууга жардам берет жана ошону менен глобалдык жылуулукту басаңдатат. Андан тышкары, жөнөкөй цемент планетадагы эң "кир" материалдардын бири катары белгилүү - антропогендик эмиссиянын болжол менен 8% аны менен байланышкан.
Адегенде цемент майдаланган жыгачтан жасалып, басым астында ысытылышы керек болчу. Процесс үч этаптан турган: кургатуу, майдалоо жана кысуу.
Андан кийин окумуштуулар бул ыкманы тамак-аш калдыктарына сынап көрүүнү чечишкен. Цемент жасоо үчүн тамак-аш калдыктарын колдонуу боюнча мурунку бардык аракеттер биомассаны чирип кетпеши үчүн пластикти кошууну талап кылган. Бирок Токио университетинин окумуштуулары ысытуу температурасын жана басымын өзгөртүү аркылуу цемент алууга жетишкен.
Негизги техникалык көйгөй продуктунун ар бир түрү үчүн бул температура жана басым ар кандай болушу керек эле. Мурда тамак-аш цементин кофе калдыктарынан же тамак-аш калдыктарын өрттөгөндөн кийин калган көөдөн гана алууга мүмкүн болчу. Токио университетинин командасы аны пияздын кабыгынан, кытай капустасынан, жада калса фастфудтун калдыктарынан да жасай алышкан.
Курт-кумурскалар менен кемирүүчүлөр цементтин жытына “азгырылып”, кемирип кетпеши үчүн, ошондой эле нымдуулукка дуушар болбошу үчүн окумуштуулар аны лак менен жабууну сунушташат.
Бул материалдан идиш-аяктарды, эмеректерди жасоого, атүгүл убактылуу үйлөрдү курууга да колдонсо болот.