Францияда ушул жылдын 1-январынан тарта желим чөйчөктөрдү, капкактарды, бир жолу колдонулуучу идиштерди, самандарды, шар таякчаларын жана конфетти чыгарууга жана сатууга тыюу салуу күчүнө кирди.
Өлкө 2024-жылга чейин бир жолу колдонулуучу пластмасса буюмдарын толугу менен жок кылууга жетишет деп күтүлүүдө.
Ырас, аны эмне менен алмаштыруу азырынча белгисиз: мыйзамда аналогдорду колдонуу маселелери каралган эмес. Буга байланыштуу эксперттер альтернативалуу материалдар жаңы көйгөйлөрдү жаратат деп чочулашууда, деп билдирет sfera.fm.
Белгилей кетсек, желим идиштердин ордуна колдонула турган кагаз чөйчөктөрдү жана табактарды экологиялык жактан таза деп айтууга болбойт: аларды өндүрүү үчүн кагаз, алюминий жана ошол эле пластик колдонулат. Мындай идиштердин көп катмарлуулугу аларды кайра иштетүүгө мүмкүндүк бербейт. Кошумчалай кетсек, ар бир 2,5 миң кагаз чөйчөккө бир куураган дарак туура келет.
Же болбосо, керектөөчүлөр каалаган жерге өз чөйчөктөрүн көтөрүп алып, суусундуктарды сатып ала алышат.
Францияда секунд сайын 150 желим чөйчөк ыргытылат (жылына 4,73 миллиард).
Дүйнөнүн 130дан ашуун өлкөсү буга чейин бир жолу колдонулуучу пластмасса жүгүртүүнү мыйзам менен жөнгө салган. Алардын арасында Франция, Ирландия, Сауд Арабиясы жана башкалар бар. Келечекте алардын катарына Орусия да кошулат.