2021-жылы федералдык максаттуу инвестициялык программанын алкагында 30дан ашык жаңы мелиорация объектилери ишке киргизилген. Дагы 20га курулуш иштери бүткөрүлдү, учурда уруксат кагаздары даярдалууда. Бул көрсөткүчтөр 2020-жылдын деңгээлинен дээрлик эки эсе жогору, деп билдирет Россиянын Айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматы.
Тиешелүү иштерди жүргүзүү үчүн федералдык бюджеттен 7,3 миллиард рубль бөлүнгөн, каражаттардын иш жүзүндөгү өздөштүрүү деңгээли 97,5% түздү. Жацы мелиоративдик объектилерди ишке киргизуу 261 миц гектарга жакын айдоо жерлерин айыл чарбалык пайдалануудан алып коюуну болтурбоого жана 26 миц гектардан ашык аянтты суу эрозиясынан, суу ташкынынан жана суу каптоодон коргоону камсыз кылат.
Учурда Россиянын Айыл чарба министрлигинин карамагында 38,5 миңден ашык мелиорациялык объектилер, анын ичинде 31 миңге жакын гидротехникалык объекттер бар.