Өзбекстанда өкмөттүн «Ички керектөө рыногун тамак-аш азыктарынын негизги түрлөрү менен камсыз кылууну кепилдөө боюнча кошумча чаралар жөнүндө» токтому кабыл алынган (№ 135, 15.03.2021).
Токтомдо региондор боюнча азык-түлүк жана айыл чарба продукциясынын негизги түрлөрүн өндүрүүнүн болжолдуу көлөмү бекитилди.
2021-жылы республика боюнча жалпысынан 2 миллион 449 миң 108 тонна картошка, 227 миң 222 тонна күрүч, 1 миллион 584 миң 863 тонна эт, 8 миллион 124 миң 595 миң даана жумуртка өндүрүлөөрү аныкталган.
Ошондой эле 78 миң тонна өсүмдүк майын, 000 миң тонна кумшекерди, 64 миң тонна картошканы, 000 миң тонна этти ташып келүү пландалууда.
Мындан тышкары республикада үрөндүк картошканын запасы түзүлөт (бир жылдык картошка айдоо аянтынын 10%дан кем эмес аянтына, бардыгы болуп 87 миң гектардан кем эмес аянтка отургузуу үчүн зарыл болгон көлөмдө).
Чет өлкөдөн азык-түлүк жана айыл чарба продукцияларын ташып келүү үчүн коммерциялык банктар чарба жүргүзүүчү субъекттерге насыя беришет.