Красноярск айыл чарба өндүрүшчүлөрү облуста төрт селекциялык жана үрөнчүлүк борборлорду түзүүгө 3,4 миллиард рубль жумшамакчы. Жаңы объекттер 2026-жылга чейин облустун Ирбей, Ужур жана Сухобузим райондорунда пайда болушу керек.
Борборлордун участокторунда картошканы, данды, май жана тоют есумдуктерун тандап алуу жургузулет. Алардын жалпы өндүрүштүк кубаттуулугу жылына 69 миң тонна үрөндү түзөт.
Инвестор катары жергиликтүү компаниялар: «Агро-Капитал» ЖЧКсы, «Агрофирма Учумская» ЖЧКсы, «Дары Малиновка» ЖЧК айыл чарба ишканасы чыгышат. Бул долбоорлорду ишке ашыруудагы негизги максат – импортту алмаштыруу шарттарында ата мекендик тандалып алынган үрөндөрдүн өндүрүшүн көбөйтүү.
Картошканын 60 про-центтен ашыгы Ставрополь-дун талааларына эгилген
Облуста 3,5 миң гектардан ашык аянтка картошка айдоо иштери аяктады. Бул көлөм пландаштырылган көлөмдүн 61% түзөт. Аймактык айыл чарба министри Сергей...