Калининград облусунун губернатору Антон Алихановдун төрагалыгы алдында өткөн өкмөттүн жыйынында агроөнөр жай комплексинде кризиске каршы иш-чаралардын аткарылышы талкууланды, деп билдирди Калининград облусунун өкмөтүнүн басма сөз кызматы.
Тармактагы кризиске каршы иш-чараларга облустук бийликтин резервдик фондунан 600 миллион рубль бөлүнгөн. Ишкердик субъекттер бир нече багыттар боюнча колдоого алынат:
- агроөнөр жай комплексинде эмгекти жана өндүрүштүк ишти сактоо үчүн - 150 миллион рубль;
– чочконун этин, канаттуулардын этин жана жумурткасын өндүрүүдө тоютту сатып алууга кеткен чыгымдардын бир бөлүгүн компенсациялоого - 150 миллион рубль;
- жашылча кампаларын жана күнөскана комплекстерин курууга, модернизациялоого, реконструкциялоого - 50 миллион рубль;
– жарым фабрикаттарды жана тоңдурулган продукцияларды өндүрүүчүлөргө жабдууларды сатып алууга кеткен чыгымдардын бир бөлүгүн төлөп берүүгө – 250 миллион рубль.
Облустун айыл чарба министрлигинин маалыматы боюнча тармакта бардык жумуш орундары жана эмгек акынын деңгээли сакталып калган, эмгек акы боюнча карыздар жок.
Дыйкандарды себүү өнөктүгү учурунда колдоо максатында жылдык лимиттин 60%дан ашык өлчөмүндө субсидиялар которулган. Бул 300 миллион рублдан ашык.
Жазгы талаа иштерин жүргүзүү үчүн айыл чарба өндүрүүчүлөрү себүү жана отургузуу материалдары, минералдык жер семирткичтер менен толук камсыз кылынган, алар даректүү жеңилдетилген кыска мөөнөттүү банк кредиттерине мүмкүнчүлүк алышкан. Чарбаларда жазгы талаа жумуштарын оптималдуу агротехникалык меенеттерде еткеруу жана аяктоо учун техника жетиштуу.