Дагестандын аграрийлери быйыл 400 миң тоннадан ашуун картошка жыйноого ниеттенишүүдө. Мындай баа республиканын Айыл чарба министрлигинин адистери тарабынан берилген.
Агар бөлүмү 6 миң гектар аянттан 133 миң тонна картошка жыйналгандыгын тактады. Учурда оруп-жыйноо иштери дагы деле болсо уланууда. Картошкалардын көпчүлүгүн Дербент жана Хасавюрт райондорунун тургундары чогултушкан. Былтыр Дагестанда 396 миң тонна картошка жыйналган. Ошол эле учурда, облустук Айыл чарба министрлиги республиканын жылдык картошкага болгон муктаждыгы 300 миң тоннаны түзөрүн белгилейт, деп билдирет Kavkaz Today.
Source: http://vestikavkaza.ru