Бейшембиден баштап Чувашиянын өкмөтү жер кыртышынын суулуулугуна байланыштуу республикада өзгөчө кырдаал режимин киргизди, түшүмдүн коромжусунан келтирилген зыян, алдын ала маалыматтар боюнча, 500 миллион рублди түзүшү мүмкүн.
«Айыл чарба өсүмдүктөрүнүн вегетация мезгилиндеги жер кыртышынын сууга батып кетишине – кооптуу жаратылыш кубулушуна байланыштуу республиканын аймагында түзүлгөн кырдаал себеп болду. Топурактагы нымдуулуктун жогору болушу өсүмдүктөрдүн өсүү жана өнүгүү процесстерин бузуп, талаа жумуштарын жана тоют даярдоону кыйындатып, түшүмдүн азайышына жана коромжуга учурашына алып келет», - деп белгиледи облустук бийлик жана «өзгөчө абал кийинки билдирүүгө чейин киргизилди. ”
Чувашиянын бийликтери ошондой эле кээ бир райондордо кыртыштагы нымдуулук нормадан 4-5 эсеге ашып кеткендигин белгилешти.
Температуранын темен болушуна жана жаан-чачындын коп болушуна байланыштуу республикада жаздык эгиндерди себуу эки жумадан кийин башталып, июнь айынын орто ченинде аяктады. Июнь айында жана июлдун биринчи жарымында узакка созулган жамгыр тоют камдоого кедергисин тийгизууде.
Чувашияда дандын түшүмүнүн болжолдуу коромжулары 20-25 миң тоннаны, картошканыкы 30-35 миң тоннаны түзүшү мүмкүн. Келтирилген зыян, алдын ала маалыматтар боюнча, болжол менен 500 миллион рублди түзүшү мүмкүн.
Өткөн аптада айыл чарба министри Александр Ткачев ыңгайсыз аба ырайы Орусияда түшүм жыйноону эки жумага артка тартканын, бирок түшүмдүн коромжусу аз болгонун айткан.
Source: https://vz.ru