Астрахань облусунун ишканалары 2019-жылы жашылчаларды кайра иштетүүнү 16%га көбөйтүп, 378,6 миң тоннаны түзүшкөн.
Өсүш негизинен Россиядагы ири ишканалардын бири «АПК Астраханский» ЖЧКсынын помидор концентратын өндүрүүнүн эсебинен жетишилди. Бул тууралуу облустук Айыл чарба жана балык чарба министрлигинин кайра иштетүү өнөр жай башкармалыгынын башчысы Александр Никулин билдирди.
«Астрахань облусунда жашылчаларды кайра иштетүү сезону аяктады. Жалпысынан 378,6 миң тонна жашылча кайра иштетилип, өткөн жылга салыштырмалуу 16%га көп. Өсүштү «АПК Астраханский» ЖЧК заводу камсыз кылды, бул жылы ишкана иш жүзүндө пландалган өндүрүштүк кубаттуулукка жетип, 346 миң тонна продукция иштетилди (помидор концентратын өндүрүү өткөн жылга салыштырмалуу 24%га өстү), - деди Никулин.
Анын айтымында, 2020-жылы облустун ишканалары жашылчаларды кайра иштетүү көлөмүн көбөйтүүнү улантуу ниетинде. Мындан тышкары, «АПК Астраханский» ЖЧКсы өз продукциясын эл аралык рынокко чыгара баштоону пландоодо. Никулин белгилегендей, заводдун продукциясы жогорку сапатта, ошондуктан көптөр, мисалы, кытай томат пастасын сатып алуудан баш тартып, Астраханга өтүп кетишкен.
Астрахань облусунда жашылчаларды кайра иштетүүчү 14 ишкана бар. Ошону менен бирге акыркы алты жылдын ичинде жашылчаларды кайра иштетуу сегиз эседен ашык осту.
«АПК Астраханский» ЖЧКсы 2016-жылдын сентябрында ачылган. Компания негизинен чет өлкөдөн импорттолгон Россиянын томат пастасы рыногунун 40%дан ашыгын ээлөө ниетинде.
Айыл чарбасы Астрахань облусунун стратегиялык тармактарынын бири болуп саналат. Агроөнөр жай комплексинде алдыңкы позицияны өсүмдүк өстүрүү тармагы сактап турат. 2018-жылы жергиликтүү дыйкандар 2 миллион тоннага жакын коон, картошка жана жашылча-жемиштерди жыйнашкан.
Source: http://mcx.ru/