Россиянын Айыл чарба министрлигинде өткөн Бүткүл россиялык агрономиялык жана агротехникалык кеңешмеде 2021-жылы өсүмдүк тармагын өнүктүрүүнүн негизги жыйынтыктары жана 2022-жылга карата стратегиялык көрсөткүчтөр талкууланды. Айыл чарба министринин орун басары Андрей Разиндин төрагалыгы алдында өткөн иш-чарага федералдык жана аймактык бийлик органдарынын, айыл чарба илиминин жана билиминин, тармактык бирикмелеринин, ошондой эле негизги айыл чарба өндүрүүчүлөрүнүн өкүлдөрү катышты, деп билдирди Россиянын Айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматы.
Россияда 2021-жылы негизги айыл чарба өсүмдүктөрүнүн татыктуу түшүмү жыйналды, май өсүмдүктөрүн өндүрүүдө рекорддук көрсөткүчтөргө жетишилди - 23,1 миллион тонна, күнөскана жашылчалары - 1,4 миллион тонна, мөмө-жемиштер - 3,9 миллион тонна. Буга дыйкандарга материалдык-техникалык ресурстардын, биринчи кезекте жер семирткичтердин жана техниканын жогорку болушу шарт тузду.
Быйылкы жылы дан, кант кызылчасын, май есумдуктерун, картошканы жана жашылчаларды ендурууну кебейтуу негизги милдеттердин катарында турат. Республика боюнча жалпы айдоо аянтын 0,9 миллион гектарга кецейтип, 81,3 миллион гектарга жеткируу пландаштырылган. Анын ичинде дан жана буурчак есумдуктеру боюнча болжол-доолорго ылайык 48 миллион гектарга, тоют есумдуктеру — 13,9 миллион гектарга чейин, кант кызылчасы — 1,07 миллион гектарга чейин осет. Жашылчаларды себуу жана картошка отургузуу да бир кыйла кебейет.
Өсүмдүк өстүрүү тармагын мындан ары өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттарынын арасында агротехнологияларды, селекциялык жана үрөнчүлүктү өркүндөтүү, илимдин заманбап жетишкендиктерин өндүрүшкө киргизүү, айыл чарба өндүрүүчүлөрүн жеңилдетилген лизинг жана кредиттөө механизмдерин өнүктүрүү кирет.
Жыйындын жүрүшүндө дыйкандарга мамлекеттик колдоо каражатын тартуу, тармакты кадрлар менен камсыздоо, күздүк эгиндердин абалын көзөмөлдөө жана жазгы талаа иштерине даярдык жана өткөрүү боюнча аймактык штабдарды түзүү маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.