Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов Айыл чарба жана айлана-чөйрөнү коргоо министрлигине «ВЕЯ ИНВЕСТ» (Россия Федерациясы) жоопкерчилиги чектелген коому менен 14 миң тонна үрөндүк картошка сатып алуу боюнча келишим түзүүгө уруксат берген токтомго кол койду.
Документке Түркмөнстандын президентинин “2020-жылы велаяттарга себүү жана күздүк картошканын, жашылчанын жана башка айыл чарба өсүмдүктөрүнүн жогорку түшүмүн өстүрүү жөнүндө” токтомун ишке ашыруу максатында кол коюлган.