Томск облусунун губернатору Владимир Мазурдун ыкчам кеңешмесинде губернатордун агроөнөр жай саясаты жана экологияны башкаруу боюнча орун басары Андрей Норр айыл чарба сезонунун жыйынтыгы менен тааныштырды.
Андрей Норр быйыл Томск облусунда оруп-жыйноо өнөктүгү күздүк эгиндерди жыйноо менен 1-августта башталганын, бирок жазгы эгиндердин жапырт бышуусу сентябрдын орто ченинде гана - адаттагыдан эки жума кечирээк башталганын билдирди. Жайдын аягында нөшөрлөп жааган жамгыр оруп-жыйноонун темпин бир кыйла басаңдатып, 28-сентябрда жааган биринчи кар (10 сантиметрге чейин) талаада ишти токтотту. Томск областынын чарбалары дээрлик 6 миц гектар дан эгиндерин жана 1,5 миц гектар техникалык дан эгиндерин чаап-жыйноого улгурушкан жок.
Бирок, аба ырайынын шарттарына байланыштуу агротех-никалык кемчиликтерге карабастан, Томскинин дыйкандары дан эгиндерин дүң жыйноо боюнча жаңы рекорд коюшту, 504,8 миң тонна бастырышты.
«Божомолдор боюнча, дан кампасынын салмагында дандын түшүмдүүлүгү акыркы 100 жылдагы эң жогорку көрсөткүчтү - гектарына 26,2 центнерди түзөт», - деп билдирди Андрей Норр.
Дыйкандар техника менен жабдуунун децгээлин пландуу турде жогорулатуунун аркасында эгин чаап-жыйноону бир аз коромжу менен аяктоого жетишти. Устубуздегу жылы гана чарбалар 300 миллиард сом-дон ашык суммага 1,5ден ашык айыл чарба техникасын — тракторлорду, комбайндарды, урон себуучу комплекстерди сатып алышты.
Тушум жыйноо кампаниясынын жыйынтыгы боюнча алдыцкы орундарды Томскинин жашылча-картошка чарбалары да сактап калышты. Сибирь областтарынын арасында Томск областы жашылчанын тушумдуулугу боюнча экинчи орунду ээлейт.
Быйылкы жылы Томск районунун чарбалары картошканын дүң жыйымын былтыркыга салыштырганда 2 миң тоннага, жашылчаныкы түшүмдүүлүктү жана аянттарды көбөйтүүнүн эсебинен 1,2 миң тоннага көбөйтүштү.
Айыл чарба сезонунун жыйынтыгын чыгарып, Андрей Норр айыл чарба өндүрүшүн мындан ары көбөйтүү үчүн бир катар тобокелчиликтерди белгиледи. Дандын жана техникалык өсүмдүктөрдүн сатып алуу бааларынын төмөндөшүнөн жана техникага, үрөнгө, жер семирткичтерге жана өсүмдүктөрдү коргоо каражаттарына баалардын олуттуу өсүшүнөн улам чыгымдардын өсүшү негизги коркунучтардын бири болуп саналат.
«Биз бардык коркунучтарга карабастан, тармакты өнүктүрүүдө жетишилген ылдамдыкты жоготпошубуз керек. Агроөнөр жай комплексиндеги тобокелдиктерди азайтуу боюнча сиздердин сунуштарыңызды чыдамсыздык менен күтөм”, - деп Владимир Мазур Андрей Норрго тапшырды. – Балким, чечимдин бири Сибирдеги кошуналар менен интеграция болот. Мисалы, жер семирткичтерге келсек, Кемерово азоту жакын жерде, өз ара аракеттенели».