Тамбов областынын айыл чарба башкармасынын маалыматына караганда, аймакта картошкадан жана ачык жердеги жашылчалардан жакшы түшүм алынды. Ошентип, айыл чарба уюмдарында жана дыйкан чарбаларында 134 миц тонна картошка казылып алынды. Бул былтыркыдан 33 миң тоннага көп.
Тамбовдук талаалардан 15,2 миц тонна капуста, сабиз, кызылча, помидор, бадырац, пияз, сарымсак жана башка жашылча-жемиштер жыйналды. Белгилей кетсек, быйыл жашылчанын түшүмү былтыркыга караганда дээрлик 2,5 эсеге көп. Мындай жакшы натыйжага дыйкандар жер семирткичтерди, заманбап технологияларды билгичтик менен пайдалануу менен бирге айдоо аянтын көбөйтүү менен жетишти.
Source: http://mcx.ru/