Облустук өкмөттүн басма сөз кызматы билдиргендей, айыл чарба товарларын экспорттоо көлөмү 222 миллион долларга жеткен. Бул маалыматты Россия Федерациясынын Айыл чарба министрлигинин «Агроэкспорт» федералдык борборунун маалыматы тастыктайт.
Тамбовдук дыйкандар чет елкелерге мал жана айыл чарба продуктыларын, ошондой эле кайра иштетилген про-дукцияларды беришет. Импорттоочулардын арасында 38 мамлекет бар, сатып алуу боюнча лидерлер Беларусь, Түркия, Өзбекстан, Казакстан, Кытай, Кыргызстан жана Марокко.
Тамбов облусунун губернатору Максим Егоров белгилегендей, облус өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылууга олуттуу салым кошуп тим болбостон, “Эл аралык кызматташтык жана экспорт” улуттук долбоорунун милдеттерин да ийгиликтүү аткарып жатат.
Картошканын 60 про-центтен ашыгы Ставрополь-дун талааларына эгилген
Облуста 3,5 миң гектардан ашык аянтка картошка айдоо иштери аяктады. Бул көлөм пландаштырылган көлөмдүн 61% түзөт. Аймактык айыл чарба министри Сергей...