Карантин жана базарлардагы дүрбөлөңдүн шартында Ташкентте картошкага болгон суроо-талап 50% өстү. Бул тууралуу 31-мартта шаар акиминин биринчи орун басары Хотамбек Шокиров эл аралык пресс-клубдун жыйынында билдирди.
Анын айтымында, карантин киргизилгенге чейин Ташкенттин тургундары күнүнө 100 тонна картошка жеп келишкен. Бирок, коронавирустун жайылышы калк арасында дүрбөлөңдү жаратты, ошондуктан керектөө суткасына 150 тоннага чейин өстү деп эсептейт Шокиров.
Бул тууралуу REGNUM маалымат агенттиги билдирди, 20-мартта Өзбекстандын Айыл чарба министрлиги өлкөдө айыл чарба азыктары таңкыстыгы болбойт деп убада кылган.