Башкириянын Бирский районунда дан жана жашылча өсүмдүктөрүн өстүрүү, кайра иштетүү жана сактоо боюнча заманбап комплекс пайда болушу мүмкүн деп билдирет UFA.RBC порталы. Мындай долбоор башкалары менен катар республика башчысы өткөргөн кезектеги «Инвестициялык саатта» да каралды.
Кеп жашылча складдарын, дан кургатуучу комплексти, ирригациялык системаларды, айыл чарба техникасын тейлее жана ремонттоо боюнча тейлее пунктун куруу, ошондой эле технологиялык жабдууларды жана инвентар-ларды сатып алуу женунде болуп жатат. Долбоордун инвестициялык агымы 2028-жылга чейин этап-этабы менен 2,1 миллиард рубль инвестицияны камтыйт. Бул 120дан ашык жаңы жумуш орундарын түзүүгө мүмкүндүк берет.
Долбоорду колдоо чарасы катары Башкортостандын инвестициялык комитети ирригациялык системаны жана кайра иштетүү комплекстерин курууга, ошондой эле инженердик инфраструктураны түзүүгө субсидия бөлүүнү жактырды.