EastFruit долбоорунун аналитиктери рыноктун катышуучуларына шилтеме берүү менен билдиришкендей, бүгүнкү күндө орус рыногунда капустага суроо-талап борщ жашылчаларынын арасында эң төмөнкү деңгээлде калууда, бул фермерлерди бул азыктарга бааны андан ары төмөндөтүүгө мажбур кылууда.
Ошентип, учурда өндүрүүчүлөр ак капустанын баасын 7-14 рубль/кг (0,11-0,22 доллар/кг) чегинде жарыялашты, бул өткөн иш жумасынын акырына салыштырмалуу орточо 9%га арзан. Ошол эле учурда рыноктун катышуучулары баанын төмөндөшү бул сегментте сатууну активдештирүүгө жардам бербестигин моюнга алышат.
Айта кетсек, чарбаларда көп сандагы сапатсыз продукциялар бар болгондуктан өндүрүүчүлөр капустаны ушундай арзан баада сунуштоого аргасыз. Ошондой эле, Дагестан Республикасынан салыштырмалуу арзан капустанын системалуу жеткирилиши баага басым жасоодо. Ошол эле учурда бул сегментте соода жана сатып алуу активдүүлүгү өтө жигердүү эмес бойдон калууда, бул да баага терс таасирин тийгизет.
Белгилей кетсек, бүгүнкү күндө Россияда капуста өткөн жылдын ноябрь айынын акырына караганда орто эсеп менен 44% арзан сунушталууда. Бул республикада аталган продукцияны өндүрүүнүн жалпы өсүшү менен түшүндүрүлөт. Рыноктун негизги катышуучуларынын айтымында, быйыл көптөгөн фермерлер капуста аянтын көбөйтүүнү чечишти. Мындан тышкары коп учурларда быйылкы сезондо аба ырайынын ыцгайсыздыгынан капустанын сапаты начарлап кеткен. Мындай өнүмдөрдү көпкө сактоо мүмкүн эмес, ошондуктан бүгүнкү күндө фермерлер сапатсыз продукцияны кыйла чоң көлөмдө сатууга аргасыз.