Орус дыйкандары 4 миллион тонна картошка казышкан, бул өткөн жылга салыштырмалуу 18% жогору. Айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмдүүлүгү 252,4 ц/га чейин жогорулаган. Айыл чарба министрлигинин маалыматы боюнча, быйыл уюшкан сектордо анын дүң жыйымы 7 миллион тоннадан ашат, деп билдирет уюмдун расмий сайты.
Брянск, Тула, Нижний Новгород, Москва жана Астрахань областтары картошка остуруу боюнча салтка айланган алдыцкылардан болуп калышты. Бул аймактарга жалпы өндүрүштүн үчтөн биринен ашыгы туура келет.
Келечекте асыл тукум иштерин активдештирүү ата мекендик картошка өстүрүүнү тездетүүгө жардам берет. 2017-2030-жылдарга айыл чарбасын өнүктүрүү боюнча федералдык илимий-техникалык программа тиешелүү подпрограмманы бекитип, ага эки жылдын ичинде дээрлик 450 миллион рубль бөлүнгөн. Быйыл анын алкагында картошканы селекциялоо жана үрөнчүлүк боюнча жаңы технология иштелип чыкты. Ошондой эле, келерки жылдан баштап жашылча жана картошка өстүрүүнү өнүктүрүү боюнча федералдык долбоор башталат.