Россиянын премьер-министри Михаил Мишустин айыл чарбасын өнүктүрүү боюнча мамлекеттик программага өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу өкмөттүн токтомуна кол койгонун министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.
Документке ылайык, 2021-жылдан баштап Россия Федерациясында айыл чарба өндүрүүчүлөрү үчүн жаңы грант – «Агропрогресс» пайда болот. Ал айыл жергесинде эки жылдан ашык убакыттан бери иштеп келе жаткан чакан ишканаларга арналган. Гранттын максималдуу суммасы 30 миллион рублди түзөт. Бул каражат менен инвестициялык насыянын жардамы менен ишке ашырылып жаткан долбоордун наркынын 25%га чейин жабууга мүмкүнчүлүк түзүлөт. Мамлекеттик колдоонун каражаттары айыл чарба продукциясын өндүрүү, сактоо жана кайра иштетүү боюнча жаңы объекттерди сатып алууга же курууга, бул объекттерди жабдуулар, айыл чарба техникалары жана атайын транспорт каражаттары менен жабдууга жумшалышы мүмкүн. Мындан тышкары, гранттын эсебинен жаныбарларды, канаттууларды жана балыктарды себүү үчүн материалдарды сатып алууга болот.
Айыл чарбасын енуктуруунун мамлекеттик программасына башка езгеруулер киргизилди. Атап айтканда, Ыраакы Чыгыштын аймактарынын дыйкандары үчүн үй-бүлөлүк чарбаларды жана айыл чарба кооперативдерин өнүктүрүүгө берилүүчү гранттардын көлөмү көбөйүүдө. Эми мындай мамлекеттик колдоонун көлөмү долбоордун наркынын 70% чейин жетет (мурда - 60% чейин), ал эми калган чыгымдардын 20%га чейинкисин облустук бюджеттен компенсациялоого болот.
Мамлекеттик программадагы дагы бир өзгөртүү зыгыр өндүрүүчүлөргө тиешелүү: мамлекеттик колдоонун каражаттары менен алар продукцияны алгачкы иштетүү үчүн жабдууларды жана машиналарды сатып ала алышат.
Продукцияга кеткен чыгымдардын бир белугу кой-эчкилер-ди багуучу дыйкандарга да толтурулат: бул учун аларга дем берүүчү субсидиялар берилет.