Ассошиэйтед Пресс билдиргендей, бул сумманы бөлүү чечими канцлер Ангела Меркел менен коалициялык өкмөттүк партиялардын лидерлеринин жолугушуусунда кабыл алынды. Христиан социалисттик союзунун (CSU) партиясынын башчысы жана Бавариянын премьер-министри Маркус Седер комментарийлегендей, бийликтин чечими оор мезгилде айыл чарба тармагын колдоо үчүн ачык белги болду.
Каражат фермерлерди жаңы экологиялык стандарттарга адаптациялоого бөлүнгөн.
Бирок, адистердин айтымында, мамлекеттин таасирдүү колдоосунун негизги себептеринин бири дыйкандардын нааразычылыгы болгон. Эске салсак, январь айында өлкөдө бир нече нааразычылык акциялары болуп, анда нааразычылык акциясына чыккандар тракторлор менен ири көчөлөрдө жол кыймылын жаап салышкан. Ошондой эле, ушул сыяктуу иш-чаралар өткөн күздө Германияда болгон.