Россия Федерациясынын өкмөтүндөгү жыйынга Айыл чарба министрлигинин, Финансы министрлигинин, Экономикалык өнүгүү министрлигинин, ошондой эле кредиттик уюмдардын өкүлдөрү катышты, деп билдирди Россиянын вице-премьер-министри Виктория Абрамченконун басма сөз кызматы. .
Жыйындын катышуучулары белгилегендей, быйылкы жылдын экономикалык абалы жана кайра каржылоо наркынын жогорулашы айыл чарба өндүрүүчүлөрүн жеңилдетилген жана инвестициялык кредиттөөнүн алкагында Өкмөт тарабынан субсидияланган кредиттердин наркына терс таасирин тийгизиши мүмкүн. Кеп баарыдан мурда айыл чарба есумдуктерунун жана мал чарбасынын тармактары женунде болуп жатат.
Виктория Абрамченко жолугушуунун жүрүшүндө белгилегендей, тармактын алдында турган негизги милдеттердин бири талаа иштеринин алдында дыйкандарды керектүү финансылык жана башка ресурстар менен толук камсыз кылуу болуп саналат.
«Пандемиянын экономикалык кесепеттерине карабастан, жеңилдетилген насыялоонун наркынын секирип кетишине жана көлөмүнүн төмөндөшүнө жол бербөө жана фермерлердин каржылоого болгон муктаждыктарын толугу менен жабуу зарыл. Бул себүү жана оруп-жыйноо кампанияларын натыйжалуу өткөрүүгө жана өлкөнү азык-түлүк менен камсыздоого мүмкүндүк берген колдоо чаралары», - деди вице-премьер-министр.
Ал Каржы министрлигине Айыл чарба министрлиги менен биргеликте себүү өнөктүгүн өткөрүү үчүн мурда берилген жана жаңы жеңилдетилген кыска мөөнөттүү кредиттерди камсыз кылуу үчүн кошумча каражат бөлүү маселелерин иштеп чыгууну тапшырды.
Мындан тышкары, Финансы министрлигинин ведомстволор жана кредиттик уюмдар менен бирдикте агроөнөр жай комплексин жеңилдетилген насыялоону ишке ашырууда банктардын кирешелүүлүгүнүн максималдуу деңгээлин аныктоо боюнча талдоо жүргүзүү жана сунуштарды киргизүү сунушу колдоо тапты.