Евразия экономикалык комиссиясынын расмий өкүлү Ия Малкина уюм ЕАЭБдин картошканын үрөнүнө болгон бирдиктүү бажы тарифин нөлгө түшүрүү демилгесин коомдук талкууга койгонун билдирди.
Кыргызстан үч жылдык мөөнөткө картошканын үрөнүнө 5 пайыздан 0 пайызга чейин төмөндөтүүнү сунуштап жатат. Кыргыз тараптын айтымында, мындай шарттар биримдиктин картошка өстүрүүгө адистешкен өндүрүүчүлөрүнө ыңгайлуу шарттарды түзүүгө өбөлгө түзөт.
Бул демилге Евразиялык экономикалык комиссиянын укуктук порталында 5-октябрга чейин талкууланууда.