Ярославль областында пестициддерди, жер семирткичтерди чачуу жана себуу учун мультикоптерди колдоно башташты. Пилоттук долбоорду «Агромир» айыл чарба ишканасы ишке ашырып жатканын Россиянын Айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
“Дрон аба ырайынын шарттарынан же башка себептерден улам айдоочулар башкарган жабдуулар талаадан өтө албай калган учурларда пайдалуу”, - дейт ишкананын башкы директору Артем Почернин. «Мындан тышкары, аны колдонуу айыл чарба унааларынын дөңгөлөктөрү менен эгиндерге зыян келтирбөөгө мүмкүндүк берет».
Агродрон секундасына 7 метр ылдамдыкта уча алат. Резервуар 30 литр суюктукка ылайыкталган, 12 мүнөттүк учуу үчүн жетиштүү, андан кийин аба жардамчысы май куюу жана кайра заряддоо үчүн кайтып келет. Сегиз сааттык жумуштун ичинде чачуучу машина менен трактор 60 гектарды, коптер 130 гектар аянтты иштете алат.
Квадрокоптер талаада иштөөнү жеңилдетип, арзандатып гана тим болбостон, адамдарга зыяндуу химиялык заттар менен иштөөнүн ден-соолук коркунучунан сактанууга мүмкүндүк берет. Бир оператор пульттан бир эле учурда үч дронду башкара алат.
Быйылкы жылы ишкананын аймагында ачык жерге жашылча айдоо аянты эки эсеге, картошка айдоо аянты 7 процентке кебейду.
«Эгер эксперимент ийгиликтүү деп табылса, «Агромир» дагы эки мультикоптер сатып алат, бул ишкананын жер иштетүүгө болгон муктаждыгын толугу менен камсыздайт, - дейт Ярославль областынын агроөнөр жай комплекси жана керектөө рыногу департаментинин директорунун орун басары Наталья Дугина. Ишкана мамлекеттик колдоонун ар кандай чараларын алат. Тактап айтканда, 2021-жылы айыл чарба техникаларын жана жабдууларын, тоюттарды сатып алууга, сүт өндүрүүгө жана өстүрүүгө, агротехнологиялык иштерге жана асыл тукум мал сатып алууга субсидия түрүндө 56,2 миллион рубль бөлүнгөн. Андан тышкары, компания жеңилдетилген кредит жана федералдык бюджеттен 7,6 миллион рубль субсидия алган».