Пурду университетинин окумуштуулары изилдөө жүргүзүп, жаңы картошкадагы кошулмалар кандагы глюкозанын деңгээлине жакшы таасир этерин аныкташты. Окумуштуулар кызгылт көк жана ак картошканын касиеттерин өзгөчө белгилешти.
Америкалык адистер тобу картошканын курамын жана анын адамдын организмине тийгизген пайдалуу жактарын изилдеп чыгышты. Картошка кошулмалары кандагы глюкозанын деңгээлин төмөндөтүү менен гликемиялык реакцияны жөнгө салууга салым кошот экен. Булар антоцианиндер жана хлороген кислотасы. Дал ушул бирикмелер картошкада көп санда кездешет. Ошондой эле, биологдор картошканын кайсы түрүндө кошулмалардын деңгээли жогору экендигин аныкташкан жана кочкул кызыл жана ак картошканы жеген эң пайдалуу экен.
Илимпоздор жаңы картошканын гана артыкчылыгын далилдешкенин белгилешти. Адистер картошканын башка пайдалуу касиеттерин изилдөөнү көздөп жатышат.
Source: https://goroday.ru