Нидерландиянын түндүгүндө жайгашкан картошка крахмалынын бизнеси Avebe UA Кооперативи (Aardappelmeel Verkoop Bureau) коронавируска каршы күрөшүүгө салым кошууга даяр. Компания тазаланган картошка протеининен алынган продукт инфекциянын жайылышын басат жана өпкөнүн жабыркашын алдын алат деп ырастоодо. Avebe UA бул затты дары-дармек каражаттарын өндүрүү үчүн колдонууну сунуштайт.
Картошкадан дары чыгаруу долбоору Нидерландиянын Түндүк Провинцияларынын Альянсы (Samenwerkingsverband Noord-Nedland) тарабынан жарыяланган коронавируска каршы күрөшүү боюнча инновациялык чечимдер боюнча сынактын беш жеңүүчүсүнүн бири болгонун белгилей кетүү керек.
SNN бул долбоорлорго бир миллион евро бөлүп жатат.