Европа Биримдиги алты айга Орусиядан, АКШдан жана Тринидад жана Тобагодон келген суюк азот жер семирткичтерине импорттук бажы алымдарын киргизгенин жарыялады. Бул тууралуу Еврокомиссия тараткан билдирүүдө айтылат.
Орусия үчүн алым 34% түзөт. Чечим алдын ала болуп саналат, бирок Еврокомиссиянын августта башталган антидемпингдик иликтөөсүнүн жыйынтыгына жараша алардын жарактуу мөөнөтү беш жылга чейин узартылышы мүмкүн, ошондой эле алардын өлчөмү туураланышы мүмкүн.