Астрахань облусунун айыл чарба өндүрүүчүлөрү өткөн сезондо 17,3 миң тонна картошка экспорттошкон, бул 2022-жылга салыштырмалуу эки эсе көп. Белгилей кетсек, 2023-жылы картошканын дүң жыйымы 12%га өсүп, 463 миң тоннаны түзгөн. Ошентип, аймак бул көрсөткүч боюнча Түштүк федералдык округда биринчи орунду, Россияда бешинчи орунду ээледи.
Чет өлкөгө жөнөтүлгөн товарлардын арасында пияз, таттуу калемпир, помидор, бадыраң, ак капуста, сабиз, кызылча да бар. 2023-жылдын аягында мындай продукциянын 9 миң тоннасы башка өлкөлөргө сатылган. Астрахань жашылчасын негизги керектөөчүлөр Беларус, Казакстан, Өзбекстан жана Азербайжан.
Област жашылча-жемиш азыктарын жана картошканы тышкы рынокко сатууну пландуу турде кебейтууде. Буга негизинен Түндүк-Түштүк транспорттук экспорттук коридорунун иши көмөктөшүүдө.
Картошканын 60 про-центтен ашыгы Ставрополь-дун талааларына эгилген
Облуста 3,5 миң гектардан ашык аянтка картошка айдоо иштери аяктады. Бул көлөм пландаштырылган көлөмдүн 61% түзөт. Аймактык айыл чарба министри Сергей...