Белоруссияда белгиленген борщдун ар бир компонентин чыгарууну 8—10 процентке кебейтуу-ну пландаштырып жатышат. Бул тууралуу маалымат жыйынында Айыл чарба жана азык-түлүк министрлигинин өсүмдүк өстүрүү башкы башкармалыгынын башчысы Николай Лешик билдирди, деп маалымдайт БЕЛТА.
«Бул дүкөндүн текчелерин жогорку сапаттагы ата мекендик жашылча-жемиш азыктары менен максималдуу түрдө толтуруу максатында жасалып жатат», - деп белгиледи ал.
Өсүмдүк өндүрүшүнүн башкы башкармалыгынын начальниги чогулгандардын көңүлүн продукциянын айрым түрлөрүнө болгон муктаждыкты тактоо иштери али бүтө электигине, ал 1-апрелге чейин улана тургандыгына бурду. "Эгер зарылчылык жаралса, аянт айрым түрлөрү үчүн өйдө же ылдый жагына жөнгө салынат", - деп кошумчалады Николай Лешик.
Министрликтин маалыматына караганда, учурда айыл чарба уюмдары жана дыйкан чарбалары 4 миң гектар жерге жашылча эгүүнү пландап жатышат.