Новосибирск облусунун индустриалдык-логистикалык паркында PepsiCo компаниясынын чийки заттарды сактоочу кампасы ишке киргизилди, анын курулушу 30 миллион долларды түзгөн, ал закускалардын жаңы өндүрүшүнүн бир бөлүгү болуп калат – KhrusTeam крекерлери жана Lay's чипсы.
Азыр жаңы объект ишке киргизүү форматында иштеп жатат, бирок ал картошканын биринчи партиясын кабыл алган. Компаниянын ырастоосунда, кампаны иштетүү үчүн контейнерлерди сактоо технологиялары колдонулат, бул картошканын коромжусун 3-7% азайтууга жардам берет. Жацы складда бардык процесстерди автоматташтыруу да киргизилип, жылуулукту коромжуга учуратпоо учун чатырдын жана дубалдын жылуулук изоляциясы бекемделди.