Улуу Британиядан келген багбандар бул сезондо эң оор ашкабакты жана эң узун бадыраңды ким өстүрө аларын көрүү үчүн Харрогейттеги Улуу Йоркшир көргөзмө аянтчасына келишти. Жеңүүчүлөр 13 номинация боюнча аныкталды.
Алп пастернак, пияз, капуста, картошка, сабиз, ревень, буурчак жана башка жашылчалар азыркы мелдештин жылдыздары.
Талапкерлердин айрымдарын төрт кишиден турган командаларга таразага салууга туура келди – жашылчалар абдан оор болчу. Мелдештин кызуу маалында иш-чара ийгиликсиз болуунун алдында турган, анткени оор жашылчалардын биринин массасын аныктоого аракет кылып жатканда тараза сынып кеткен. Бирок, бактыга жараша, алар тез эле алмаштырууну табышты.
Эң оор ашкабак үчүн таймашта талашсыз жеңүүчү Ричард Манн болду – ал 291,7 кг салмактагы жашылча өстүрдү. Мэнсфилдден келген фермер жубайлар эки байгеге ээ болушту - эң оор сабиз (3,8 кг) жана кызылча (17,8 кг).
Алп капустаны ташуу үчүн, атүгүл бакча арабасын колдонууга туура келди. Бул 27,4 кг жашылча фермер Крейг Пирсонго жеңиш алып келди.
Эң узун бадыраңды – 92 смди Грэм Барратт өстүрсө, Питер Глазбрук сынакка салмагы 65 килограммдан ашкан эң оор цуккини тартуулады.
Great Yorkshire Showground 1995-жылдан бери Харрогейтте өткөрүлүп келет. Жыл сайын 40 миңге жакын адам Харрогейттин күзгү гүлдөр көргөзмөсүнө жана алп жашылчалар конкурсуна келишет.-0-
Фото ПА, Франс Пресс агентствосу, Getty Images.
Source: https://www.belta.by