Түркмөнстан Афганистан, Иран жана Өзбекстан менен чек араларын жапты. Андан кийин Ирандан ташылып келген картошкалар дүкөндөрдүн текчелеринде жок болуп кетти. Бул тууралуу “Азаттык” билдирди.
Акыркы бир нече күндүн ичинде Иран картошкасы үч эсеге кымбаттады. Иран менен чек ара жабылат деп жарыяланганга чейин Ашхабаддын базарларында бир килограмм картошка 5-6 манатка (Түркмөнстандын Борбордук банкынын курсу боюнча 1,5 долларга жакын) сатылган. Чек ара жабылгандан бир күндөн кийин - килограммы 18 манат (5 доллар). Бир күндөн кийин импорттолгон картошкалар мамлекеттик жана жеке дүкөндөрдө сатуудан жоголуп кетти. Текчелерде түркмөн картошкалары гана калды, бирок алардын баасы дагы жогорулады - килограммы 15 манатка чейин (4 доллар).
Азатлыктын айтымында, мамлекет Ирандан алынып келген продукцияларды сатыктан чыгарып жатат. Өлкөнүн батышындагы Балкан велаятында (региондо) санитардык-эпидемиологиялык станция жана жугуштуу ооруларды көзөмөлдөөчү органдар сатылып жаткан жерден тоок этин, картошканы, пиязды, мөмө-жемиштерди жана таттууларды алып коюшкан. Мунун бардыгы таштанды полигонунда өрттөлгөн.