Түркмөнстандын Лебап облусунда картошка айдала баштады, деп жазат Түркмөнстандын расмий басма сөз кызматы. Быйыл облус боюнча жашылча-жемиштер үчүн 11 гектар жер бөлүнгөн. Картошка 670 гектар жерге эгилет.
Мол тушум алуу максатында дыйкандарга картошканын жазгы сортторун себуу учун 1400 гектар жер белунген. Куздук сортторду себуу учун 900 гектар жер белунген.
Жалпысынан облус боюнча жайкысын 19 миң 600 тонна, күзгү 12 миң 600 тонна картошка алуу пландалууда. Мындай маалыматты адистер облустун мэриясында себүү башталар алдында өткөн жыйында билдиришти.
Отургузуу иштери Лебап облусунда 2018-жылы түзүлгөн жана жашылча жана коон өстүрүүгө адистешкен «Тебигы экин» дыйканчылык бирикмесинин аймагынан башталды.