Бул тууралуу университеттин Telegram каналында маалымдалды.
«Агрардык өнөр жай комплексинин технологияларында учкучсуз учуучу аппараттар жаңы сөз. Алардын жардамы менен адистер эгиндин абалына көз салып, жер кыртышын, аба ырайын анализдеп, ал тургай аралыктан жер семирткичтерди чачышат. Жаңы билим берүү программасы айыл чарба дрондорун конструкциялоону, ошондой эле конфигурациялоону, оңдоону жана эксплуатациялоону үйрөтөт», — деп айтылат маалыматта.
Окутуунун программасы күндүзгү жана сырттан окуу формаларын камтыйт.