Орусияда 14-марттан тарта жабыла турган McDonald's ресторандары бир жарым айдан кийин кайрадан ачылышы мүмкүн, деп билдирет ТАСС.
"Адистердин айтымында, компанияда пайда болгон мындай көйгөйдү чечүү бир жарым ай, 45 күнгө созулушу мүмкүн", - дейт агенттиктин булагы.
Шейшембиде америкалык McDonald's корпорациясы Украинадагы окуяларга байланыштуу Орусиядагы бардык ресторандарын убактылуу жаап, орус рыногундагы бардык операцияларын токтоторун жарыялады. 14-марттан тарта бүткүл Россия боюнча McDonald's тармактык ишканаларында кызмат көрсөтүүнү токтотуу пландалууда, ал эми компаниянын кеңсеси жана Ronald McDonald House кайрымдуулук фонду мурдагыдай эле иштей берет. Бардык кызматкерлер, McDonald's компаниясынын айтымында, компанияда калышат жана толук айлык акыларын уланта беришет, ошондой эле иш берүүчүдөн бардык учурдагы жеңилдиктерди жана кепилдиктерди сактап калышат.
Ошол эле учурда Москванын мэри Сергей Собянин ата мекендик коомдук тамактануу тармактары Москвада бир жыл ичинде жабылган 250дөй McDonald's ресторанын алмаштыра аларын белгиледи. Анын айтымында, Москва ресторандарындагы тамак-аш азыктары 99% россиялык жеткирүүчүлөр тарабынан камсыздалат. Борбордун бийликтери кошумча тез тамак-аш чынжырын түзүү үчүн жеңилдетилген максаттуу кредиттөө үчүн 500 миллион рубль бөлүүнү чечти.