Россия Федерациясынын Өкмөтү климаттык активдүү газдарга жогорку тактыктагы мониторинг жана утилизациялоонун улуттук системасын түзүү боюнча долбоорду даярдады. Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн расмий сайты.
«Биз экономиканын тармактарын климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлаштыруу боюнча комплекстүү ишибизди улантып жатабыз. Акыркы 20 жылдын ичинде Россия Федерациясы көмүртектин интенсивдүүлүгүн АКШ, Кытай жана Европага караганда тез темп менен кыскартууну камсыз кылды. Бүгүнкү күндө бул багытты сактап калуу гана эмес, климаттык кризистин экономикага тийгизген таасирин алдын алуу да маанилүү. Атап айтканда, климаттын өзгөрүшүнүн айыл чарбасына, өнөр жайга жана турак жай-коммуналдык чарбага тийгизген таасирин илимий изилдөө боюнча иштерди жүргүзүү, чөлгө айлануу менен күрөшүүгө, табигый өзгөчө кырдаалдардын алдын алууга жана жоюуга багытталган иш-чараларды улантуу. Бул учун илимий уюмдар тарабынан 50ден ашык илимий-изил-деелер жургузулет. «Төмөн көмүртектүү өнүктүрүү саясатынын» стратегиялык демилгесинин алкагында жакынкы үч жылда комплекстүү мониторинг долбооруна 8 миллиард рублдан ашык каражат бөлүнүүдө», — деди РФнын вице-премьер-министри Виктория Абрамченко.
Вице-премьер-министрдин айтымында, климаттын күн тартиби саясатташып кеткен, чет элдик эксперттер көбүнчө субъективдүү жана дос эмес өлкөлөрдүн маалыматтарын жетекчиликке алышат, андыктан Орусия бул маселеде маалыматтык суверенитетти камсыз кылышы керек. Мониторингдин улуттук системасы глобалдык климаттын жана парник газдарынын эмиссиясынын көз карандысыз прогноздорун, ошондой эле климаттын өзгөрүшүнүн себептери жөнүндө маалыматты, россиялык экосистемалардын сиңирүү жөндөмдүүлүгү жөнүндө объективдүү маалыматтарды жана декарбонизациялоонун ар кандай ыкмаларынын экономикалык эффективдүүлүгүнүн текшерилген баа берүүлөрүн камсыз кылууга тийиш.
«Бул климаттык саясат чөйрөсүндө көрүлүп жаткан чаралардын негиздүүлүгүн жогорулатат. Илимий жактан негизделген маалыматтар жана өзгөрүүлөргө мониторинг жүргүзүү парник газдарынын эмиссиясын чектөө жана климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлаштыруу жаатындагы башкаруу чечимдеринин негизи болуп калат, - деп белгиледи Абрамченко.