АКШнын президенти Дональд Трамп 2020-жылга бюджеттин долбоорун сунуштады. АКШнын Айыл чарба министрлигине сарптоолорду 15% кыскартуу сунушталууда. Бул оор күндөрдү баштан кечирип жаткан америкалык фермерлерге жагышы күмөн – азык-түлүктүн баасы өндүрүштүн жогорку деңгээлинен улам төмөндөп жатат. Кошумчалай кетсек, Кытай менен маселелер азырынча чечиле элек. Ушул себептен улам, Америка Кошмо Штаттарында өндүрүлгөн азык-түлүктүн 20% экспорттолсо да, тамак-аштын көптөгөн түрлөрүн жеткирүү токтотулган.
АКШнын Айыл чарба министрлигинин бюджети таасирдүү. Өткөн жылдын аягында талкууланганда, төмөнкү цифралар пайда болгон: 2019-2023-жылдарга чыгашалар 428 миллиард долларды, ал эми 2019-2028-жылдар аралыгында 867 миллиард долларды түзөт. аз камсыз болгондорго азык-тулук менен жардам керсетуу про-граммаларына каражаттарды белуштуруу пландаштырылып жатат.
Мамлекет дыйкандарга жана учурдагы иш-чараларга көп каражат бөлөт - бул субсидиялар, ар кандай жардам көрсөтүү программалары жана башка демилгелер.
Президент эмнени сунуштайт, ал көпкө чейин талкууланып, конкреттүү сандар өзгөрүшү мүмкүн. Бирок, тенденция айкын көрүнүп турат. АКШнын адистештирилген айыл чарба басма сезу екмет айыл чарба есумдуктерун камсыздандыруу боюнча субсидиялардын наркын кыскартууга ниеттенип жаткандыгын белгилейт. Башка программалардын алкагында каражат бөлүүнү катаалдаштыруу сунушталууда. Бул расмий түрдө “өкмөттөн жардам алган дыйкандардын жоопкерчилигин жогорулатуу” зарылчылыгы деп аталат. Дыйкандар үчүн коопсуздук жаздыкчасы делген нерсе сөзсүз жабыркайт. Мисалы, айыл чарба өсүмдүктөрүн камсыздандыруу (камсыздандыруу сыйлыгы) боюнча чыгымдарды жабуу үчүн субсидиялардын орточо деңгээлин 62ден 48%га чейин төмөндөтүү жана андан жалпы кирешеси 500 миң доллардан ашкандарды кошпогондо, алуучулардын санын чектөө сунушталууда. Албетте, каршы пикирлерди дыйкандар гана эмес, камсыздандыруучулар да айтышты.
Киреше азайган учурда ар кандай программалардын алкагында дыйкандарга мамлекеттик төлөмдөрдү чектөө зарылдыгы айтылды. Бул, мисалы, түшүм алынганда жана баалар төмөндөгөндө болот. Бул учурда дыйкандар мамлекеттен белгилүү бир мезгил ичиндеги орточо кирешесинин деңгээлине жараша жеңилдиктерди ала алышат. Ошентип, жержаңгак өндүрүүчүлөрдү бул практикадан четтетүү жана чарбанын (фермандын) бир гана “башкаруучусуна” төлөө мүмкүнчүлүгүн чектөө сунушталууда. (Учурда дыйкандын аялы ушундай укукка ээ).
Ошондой эле калктын аз камсыз болгон катмарына азык-түлүк жардамын көрсөтүү практикасын күчөтүү сунушталууда. АКШда мындай жардамды 40 миллион адам алат. Анын ордуна, ал физикалык жактан жөндөмдүү алуучуларга "эмгек рыногуна кирүүгө" жардам берүү зарылдыгы жөнүндө айтылат.
Көп нерсе дагы талкууланат жана сандар туураланат. Бирок саясий күчтөрдүн тең салмактуулугун эске алганда талаш-тартыштар болот.
Source: http://kvedomosti.ru