Тажикстандын өкмөтү пиязды чет өлкөгө сатууга тыюу салганын портал билдирди. Sputnik Тажикстан.
Маалымат жыйындын жүрүшүндө Согди облусу боюнча аймактык бажы башкармалыгынын башчысы Зафар Махмадиев бийликтин мындай аракеттеринин себебин түшүндүрдү.
«Өлкө рынокторун товарлардын жана продукциянын бардык түрлөрү менен камсыз кылуу өлкө өкмөтү тарабынан талданууда. Акыркы убактарда пияздын баасы мурунку жылдарга салыштырмалуу 2-3 эсе кымбаттады. Ички рынокту камсыздоо жана продукциянын баасын жөнгө салуу максатында азыр пиязды экспорттоого тыюу салынды», - деди Махмадиев.
Согду Бажы башкармалыгынын башчысынын айтымында, эки жумага жакын убакыттан бери пиязды чет өлкөгө экспорттоо токтотулду.
Бажы органдарынын маалыматы боюнча, үстүбүздөгү жылдын 6 айында Согди облусунан 66 миң тонна пияз экспорттолгон, бул өткөн жылга салыштырмалуу 10 миң тоннага аз.
Ал арада быйыл пияздын баасы 1-1,5 сомониден 5-6 сомониге (1 сомони = 5,87 орус рубли) чейин кымбаттады.
Продукциянын бул туру-нун кымбатташы, агрардык башкарманын жооптуу кызматкерлери, айдоо аянттарынын кыскарышы, аба ырайынын начар болушу жана минералдык жер семирткичтердин кымбатташына байланыштуу.
Быйыл Согди облусунун дыйкандары 3443 гектар жерге пияз эгишти, бул былтыркыга салыштырмалуу 846 гектарга аз.