Казакстан Кыргызстандан азык-түлүк жана үрөндүк картошка, алма жана хурма алып келүүгө салынган тыюуну алып салды, деп билдирди кыргыз өкмөтүнүн басма сөз кызматы.
Тыюу бүгүн, 22-майда алынып салынды. Мындай чечим Кыргыз Республикасынын Вице-премьер-министри Жеңиш Разаков менен Казакстан Республикасынын Премьер-министринин орун басары Жеңис Махмудулы Касымбектин жолугушуусунун, ошондой эле карантиндик фитосанитардык көзөмөл боюнча жол картасын ишке ашыруунун натыйжасында кабыл алынды.
Коңшу өлкө 19-февралда бул өнүмдөрдөн зыянкечтер табылгандан кийин Кыргызстандан картошка, алма жана хурма алып келүүгө убактылуу тыюу салган. Андан кийин премьер-министр Мухаммедкалый Абылалгазиев казак кесиптеши менен сүйлөшүп, Астанага делегация жиберүүнү чечти.
-бирине: https://ru.sputnik.kg/