порталы катары Eastfruit, «Грузиялык фермерлер үчүн кооперативдерди каржылоо, кеңейтүү жана өнүктүрүү» долбоору (FinExCoop Georgia) Carrefour супермаркеттер тармагы менен биргеликте ноябрь айынын аягында Тбилисиде Картошка фестивалын өткөрдү. Иш-чаранын негизги максаттары картөшкөнүн жаңы сортторун чекене сатып алуучуларга көрсөтүү, ошондой эле фермерлерге сатуучулар менен түз байланыш түзүүгө көмөк көрсөтүү болду.
FinExCoop Georgia долбоорунун координатору Торнике Мецкваришвилинин айтымында, супермаркетке келгендер фестивалга чоң кызыгуу көрсөтүштү. Долбоордун өкүлдөрү кардарларга ар бир сорттун артыкчылыктарын түшүндүрүп беришти. Бул туура тандоо жасоого жардам берди. Керектөөчүлөр адатта супермаркеттерден мындай маалыматты ала алышпайт.
Мецкваришвили белгилегендей, фестивалга жуулган да, жуулбаган да эң жогорку сапаттагы картошка коюлган. Продукциянын бардык турлерунун баалары белгиленген. Фестивалдан кийин Carrefour өкүлдөрү өндүрүүчүлөр менен байланышып, алар менен товарларды жеткирүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшкөн.