Айрым товарларды Казакстандын аймагынан алып чыгууга тыюу салуу жөнүндө буйрук президенттин "Экономиканы турукташтыруу боюнча мындан аркы чаралар жөнүндө" жарлыгына ылайык күчүнө кирди.
Өлкөнүн Айыл чарба министрлиги 15-апрелге чейин үчүнчү өлкөлөргө экспорттоого тыюу салынган азык-түлүктү атады, - деп билдирет Tengrinews.kz.
Тизмеде гречка жармасы, ак шекер, картошка, сабиз, пияз жана ак капуста бар.