Мындай божомолду Россия Федерациясынын Мамлекеттик Думасынын пленардык жыйынында каржы министри Антон Силуанов билдирди. Анын айтымында, 2024-2026-жылдарга федералдык бюджеттин долбоорунда тармакты мамлекеттик колдоо күчөшү мүмкүн.
Аткаминер келерки жылга өлкөнүн негизги каржы документинин долбоорунда 550 миллиард рубль эске алынганын белгиледи. Бирок бир катар депутаттар айылды колдоо үчүн ресурстарды кошууну экинчи окууга сунуштап жатышат. Орус өкмөтү мындай ишке даяр жана бул көрсөткүч сөзсүз көбөйөрүнө ишенет.
Буга чейин айыл чарба министринин орун басары Елена Фастова 2024-жылы агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү боюнча мамлекеттик программаны каржылоо 390 миллиард рублди түзүшү мүмкүн экенин билдирген. Бул каражаттарга кошумча турде айыл-кыштактарды комплекстуу енуктурууге 58 миллиард рубль, жаны жерлерди ездештурууге 47 миллиард рубль белуштуруу белгиленген.
Пайдаланылбай жаткан жердин аянты 30 миллион гектардан ашты
Бирдиктүү федералдык карта-схеманы түзүү иштеринин алкагында өлкөнүн 36 аймагындагы айыл чарба жерлери боюнча маалымат алынган. Министрдин орун басарынын айтымында...