Москва облусунун Айыл чарба жана азык-түлүк министрлигинин маалыматы боюнча, бүгүнкү күндө облуста жыйналган картошканын көлөмү 2022-жылдагы көрсөткүчтөн ашты.
Бөлүмдүн ишин жетектеген Москва облусунун өкмөтүнүн төрагасынын орун басары Георгий Филимоновдун айтымында, учурда 3,8 миң гектар аянттан картошка жыйналып бүттү, бул жалпы пландын 27% түзөт. Мында дүң жыйым 127,6 миң тоннаны түзүп, өткөн жылга салыштырмалуу 85,6 миң тоннага көп. Сентябрь айынын биринчи он кундугунун аягында орточо тушум гектарына 33,4 центнерге жетти.
Жалпысынан, Москва облусунда бул сезондо 13,9 миң гектар аянттан картошка жыйноону пландаштырууда.
Тюмень областында себуу кунден-кунге куч алууда
Май айынын орто ченинде жергиликтүү айыл чарба өндүрүүчүлөрү 88,3 миң гектар аянтка буурчак жана кылкандуу дан эгиндерин эгишти, бул пландын 12%ын түзөт. Дагы...