Быйыл Беларуссия экспорттук картошканын 95% Украинадан сатып алды. Бул болжол менен сегиз миң тоннаны түзөт.
Бул тууралуу МЧКнын басма сөз кызматы билдирди.
Үстүбүздөгү жылдын январь айынан июнь айына чейин Украина 8 тонна картошканы жалпы суммасы 400 миллион 300 миң долларга экспорттогон. Алардын көпчүлүгүн Беларуссия сатып алган.
Бул көрсөткүч өткөн жылы Украинадан жалпы картошканын экспорттолгон көлөмүнөн 68% га жогору болуп, беш миң тонна продукция чет өлкөгө жалпы суммасы бир миллион 300 миң долларга сатылган.
Белгилүү болгондой, быйыл Украинанын картошкасынын жалпы экспорттун 95% Беларуссия, дагы 2,6% Молдова сатып алган.
Украинанын картошкасынын 90,5% Беларуссияда өткөн жылы сатылгандыгын кошумчалайбыз.